Таластагы оорукананын төрөт бөлүмүндө медайым сабалды

1317

Талас облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүндө жаңы төрөгөн келиндин туугандары менен медайымдын ортосунда чыр чыкты. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында, окуя 28-январда болгон.

«Медайым ооруканада карантин жарыяланганын айтып, көз жарган келинди көрүүгө келген туугандарын палатага киргизбей койгон. Келиндин көрүүгө эки аял жана бир эркек киши келген. Эки аялдын бирөөсү медайымга кол көтөргөн», — деп айтылат маалыматта.

Медайым ошол күнү эле милицияга окуя боюнча арыз жазган. Аталган факт Кылмыштар менен жоруктардын Бирдиктүү реестрине каттоого алынган. Сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.