Таластан табылган илбирсти дарылоого каражат чогултула баштады

5532

Таласта жарадар абалында табылган илбирсти дарылоого каражат чогултула баштады. Ал үчүн атайын эсеп ачылды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ага каалоочулардын бардыгы акча которо алат. Кызыл китепке кирген жандыкты сактап калууга кайдыгер карабаган юридикалык жана жеке жактардан түшкөн каражат боюнча маалымат берилип турары айтылууда.

Жаабарс деген атка конгон жырткыч азыр Чүй областындагы Новопокровка айылында жайгашкан Бугу-Эне коомдук фондунун реабилитациялык борборунда кармалууда. Жакында эле башынан 20га жакын октун бытырасы алынган ак илбирстин абалы туруктуу. Учурда экологдор менен милиция кызматкерлери ага ок аткан адамдарды издеп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.