Талиптерден кыргыздарды куткарып калган дипломат (видео)

1517

Кабул шаарындагы кыргызстандыктарды мекенине өзү жалгыз эвакуациялаган Нурлан Орузбаевге азырынча эч кандай сыйлык бериле элек. Кыргызстандын Афганистандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүндө иштеген 28 жаштагы кызматкерди сыйлоо тууралуу сунушун бир ай мурда экс-элчи Мирослав Ниязов министрлер кабинетине киргизген. Бирок бүгүнкүгө чейин чечим кабыл алына элек.

Талибан кыймылы 15-августта Афганистанда бийликке келип, тополон башталып, Кабулда ок мөндүрдөй жаап жатканда өз өмүрүн тобокелге салган Нурлан Орузбаев сооттолгон унаасы менен 2 жерге барып, кыргызстандык 9 жаранды коопсуз жерге чыгарып кеткен. Мындай эрдиги менен эл оозуна алынган дипломат Кыргызстанга кайтып келди.