Талкаланган мүлктү митингдин уюштуруучулары төлөп берет (видео)

855

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ал «бийликти басып алууга аракет кылган» деп шектелүүдө. Митинг алдын-ала белгиленген тартипте өтпөй, таш ыргытуулар менен коштолгондон кийин анын уюштуруучулары болгон Каныбек Осмоналиев, Сабыр Жапаров, Амангелди Артыков жана башка адамдар УКМКга алып келинген болчу.

Ошондой эле, Жогорку Кеңештин катардагы кызматкерлерине кол көтөргөн аялдар да «массалык баш аламандыкты уюштуруу» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин негизинде изделип жатканы белгилүү болду.