Талкаланган жолдон тажаган элеттиктер жол тосушту (видео)

538

Чүй областынын Ысык-Ата районунун Интернационал айылынын тургундары митинг уюштуруп, трассаны бууп салышты. Алардын айтымында, кыштактын жолунан чоң жүк ташуучу автоунаалар өтүп жатып, талкаланып калды.

Ал эми оңдоп берген эч ким жок. Мындан ары бул жактан «Хово» унааларынын жүрүүсүнө тыюу салууну талап кылышты. Нааразычылык акциясына 200гө чукул адам чогулган.