Тамак-аш коопсуздугу. Айдоо аянттары кеңейет (видео)

1620

Коронавирус кулачын жайып жаткан маалда азык-түлүк коопсуздугу көптөрдү ойлонтууда. Кыргызстан бул боюнча камылга көрө баштады. Алсак, быйыл Нарын областында дан эгиндери жана картошка көбүрөөк айдалмай болду. Мындай сунуш Айыл чарба министрлиги тарабынан берилген.

Эми теңир тоолук дыйкандар 23 миңге жакын гектарга дан эгин, 5 миң 200 гектарга картошка айдашы керек. Бирок дал ушул маселеге жооптуу делген айыл чарба министринин орун басарынын бул тууралуу кабары жок болуп чыкты.