Тамашалуу ролик тартуу үчүн унаасы менен Ысык-Көлгө киргендер сынга кабылды

1082

Тамашалуу ролик тартуу үчүн унаасы менен Ысык-Көлгө киргендер коомчулук тарабынан кескин сынга кабылды. Социалдык тармактарда тараган тасмада өзүн таксист деп тааныштырган айдоочу «Хонда Аккорд» үлгүсүндөгү унааны көлгө айдап кирген.

Ал Бөкөнбаев, Кажы-Сай айылдары тарапка барарын айтып жатканын угууга болот. Бир саамдан кийин суунун астынан дагы бир жигит сүзүп чыгып, ала кетүүнү суранат. Жүргүнчү унаага отургандан кийин унааны от алдырымыш болгон. Аталган ролик тарагандан кийин көпчүлүк интернет колдонуучулар сын көз караштагы билдирүүлөрүн калтырышкан.

Ысык-Көл областтык милициясынан айдоочунун аты-жөнү такталганын, ал Каракол шаарынын 28 жаштагы тургуну экенин маалымдашты. Ал эми тасма 19-июнда тартылыптыр.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталып, унаа айып жайына токтотулду. Юридикалык баа берүү үчүн бардык материалдар Каракол шаардык милициясына өткөрүлүп берилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.