Тамчы-Ташкент аба каттамы жанданат

748

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги тараткан маалыматка ылайык, Өзбекстандын «Узбекистон хаво йуллари» ишканасы менен бирге каттамды жайкы мезгилде жандантуу пландалууда.

Ага ылайык, Ташкент-Тамчы каттамындагы учак быйылкы жылдын 27-июнунан 6-сентябрына чейин апта сайын бейшемби күндөрү каттайт.

Ташкент-Тамчы аба каттамы былтыр да иштеп, бирок жүргүнчү аз болуп, каттам өзүн актабагандыктан июль айынын ортосунда токтотулган.

Ташкент-Тамчы аба каттамы Ысык-Көлдө эс алган өзбекстандык туристтердин көбөйүшүн шарттай тургандыгы айтылып келет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.