Таңды ый менен тоскон Ош базарынын соодагерлери (видео)

666

Ош базарында кайрадан ири өрт чыгып, анын кесепетинен 40 жакын ишкердин соода жайлары күйүп кетти. Жалынды өчүрүүгө 6 бригада тартылып, 5 саат дегенде гана өрттү өчүрүүгө мүмкүн болгон. Учурда кырсыктын себептери жана келтирилген чыгым эсептелип жатат.

Белгилей кетчү нерсе, Бишкектеги Ош базарында жыл башынан бери төртүнчү ири өрт катталууда. Апрель айында болгон кырсыкта 2 миң чарчы метр соода аянты күйүп, анын натыйжасында 300дөй соодагер зыян тарткан болчу.