Тандыр нанынын баасы 3 сомго кымбаттады (видео)

1773

Кийинки айда ун дагы кымбатташы күтүлүүдө. Бул тууралуу тегирменчилер ассоциациясынын президенти Рустам Жунушов билдирди. Буга Россияда буудай наркынын көтөрүлүп кеткени себеп болуп жатыптыр.

Өлкөдө жыл башынан бери ундун 1 килограммы 1 сомго гана кымбаттаганы айтылганы менен, көпчүлүк наабайчылар нандын баасын 3-4 сомго көтөрүлүп жиберишкен. Буга чейин 22 сом турган тандыр нан учурда 25 сомдон сатылууда. Алар муну ундун баасынын жогорулап кеткени менен түшүндүрүшүүдө.