Таңкы азан тууралуу талаш коркутуп-үркүтүүгө чейин жетти (видео)

714

Мечиттеги Азан чакыруунун айланасындагы чырга байланыштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия чара көрдү. Эске салсак, Бишкек шаарынын тургуну мечитте таңкы азан өтө катуу угузулуп жатканын Фейсбукка жазып чыккан. Анын мындай билдирүүсү талаш пикирлердин чыгуусуна себеп болгон. Айрым адамдар, эгер ага азандын үнү жакпаса, өлкөдөн чыгып кет десе, башкалары коркутуп үркүтүүгө чейин барган.

Бул окуя социалдык тармактарда талкуулана баштагандан кийин, тийешелүү органдар чара көрүп, мечиттеги азандын үнү басаңдатылган. Белгилей кетсек, биздин өлкөдө түнкү саат 11ден тартып, эртең мененки 7ге чейин калк жашаган аймакта тынчтык сакталууга тийиш деген норма бар. Мындай эреже диний мекемелерге да тийешелүү.