Тапанча көтөрүп, жасалма күбөлүк көрсөтүп жүргөн жаран изделүүдө

1051

Интернетте мас абалында рулга отуруп алып, тапанча көтөрүп жүргөн жарандын тасмасы тарады. Ал өзүн милициянын аймактык тескөөчүсү экенин айтып, бирок Улуттук гвардиянын ротасынын старшинасы Жеңишбек уулу Тычтыкбек дегенге таандык документти көрсөтүүдө.

Ошондой эле, мас адам өзүн Абдрахманов деп да тааныштырууда. Күбөлөрдүн «милиция бизди ушинтип коргойбу» деген суроосуна «бизге баары бир» деп жооп берген.

Ал арада Улуттук Гвардиянын жетекчилиги бул боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгында тасмадагы адам аларда иштебей турганын жана ал көрсөтүп жаткан аскер адамынын документи жасалма экенин аныкташкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.