Таразда көп кабаттуу үйдө жарылуу болду

848

Казакстандын Тараз шаарында көп кабаттуу үйдө жарылуу болду. Алдын-ала маалыматтар боюнча эки киши каза тапты. 90 батирлүү төрт кабаттуу үйдүн экинчи кабатындагы батирде газ жарылып, үч кабаттын ортосу кыйраган.

Анда жашаган 300дөй адам эвакуацияланып, убактылуу мектепке жайгаштырылган. Учурда кырсык болгон жерде адистер иш алып барууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.