Тарбиячы бөбөктөргө кол көтөрдү деген маалымат текшерилүүдө (видео)

2108

Бишкектеги №145 бала бакчада жеткинчек ур-токмокко алынышы мүмкүн деген маалымат текшерилип жатат. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти. Ал эми бала бакчанын жетекчиси бөбөктөргө кол көтөрүү фактысы болгон эмес деп ишендирүүдө.

Интернетте жарыяланган видео көпчүлүктүн нараазычылыгын жаратты. Анда бир бөлмөнүн ичинде тарбиячы баланы урушуп жатканын, тарсылдаган үндөр чыгып, жеткинчектин чыңырып ыйлаганын угууга болот.