Тартип сакчылары 2 миллион сом уурдап алган деген маалымат текшерилүүдө

698

УКМК каракталган 15 миллион сомдун 2 миллионун тартип сакчылары уурдап алган деген маалыматты текшерүүдө. Ош шаарында ишкерди үйүнөн тоноп, ири суммадагы каражатын алып кеткен деп айыпталып кармалгандардын жакындары бул ишке милиция кызматкерлеринин да тиешеси бар экенин айтып чыгышты.

Бул кылмыш боюнча шектүү катары 5 адам кармалган. Алардын жашаган жерин тинтүү учурунда оперативдик кызматкерлер катылган акчанын бир бөлүгүн колтугуна жашырып, чыгарып кеткен, дейт айыпталуучулардын жакындары. Алардын айтымында, 1 миллион 700 миң сомдун дайыны жок. Бул боюнча Башкы прокуратура менен УКМКга кайрылышып, кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

Эскерте кетсек, жаңы жылдын алдында Ош шаарында бир ишкердин үйүнө каракчылар кирип барып, коркутуп сейфин көтөрүп кетишкен. Анда 15 миллион сомдой акча болгон. Кол салгандар жарым ай өткөн соң кармалган.