Тартип сакчылары эки наркодилерди кармашты

1023

Түп районунда 56 жана 42 жаштагы тургундар 45 ширенкенин кутусуна толтурулган гашишти сатууга даярдап жатканда колго түшүшкөн. Алынган баңги затынын салмагы 780 граммды түзөт. Кармалгандарга карата «баңги затын мыйзамсыз даярдоо, сактоо, сатуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда бул ишке тиешеси бар башка да адамдар изделүүдө.

Ушул эле райондун дагы бир тургуну 6 капка салынган 70 килограммдан ашык марихуана менен кармалганы белгилүү болду. Ага да карата кылмыш жаза кодексинин 247-беренесине ылайык кылмыш иши ачылды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.