Тартип сакчылары ишкерди өлтүрүү үчүн киллер жалдашканбы? (видео)

2872

«Адам өлтүрүүгө аракет кылды» деп айыпталган милиционер Бишкектеги №1 тергөө абагына 2 айга камалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Анын шериги милициянын подполковниги Тажикстанга качып кеткени айтылууда. Аны кармоо аракеттери жүрүп жатыптыр.

Маалыматтар боюнча, эки тартип сакчысы Баткен областында ишкерди өлтүрүүгө кылмышкер жалдашкан деп айыпталууда. Буйрутма аткарып, ишкерге кол салган адам камалып чыккандан кийин, милиция кызматкерлерине карата арыз менен кайрылыптыр. Анткени тартип сакчылар кылган иши үчүн ага убада кылган акчанын бир бөлүгүн бербей койгон.