Тартип сакчылары мектептин жанында жүргөн карышкырды кармашты

3230

Жапайы жаныбар ордо калаадагы Республика көчөсүнөн табылган. Тийиштүү видеону социалдык тармактын колдонуучусу интернетке жүктөгөн.

Жырткычтын жүргөнүн көргөндөр патрулдук милициянын кызматкерлерине кабар беришип, мектептен алыс эмес жерден карышкырды кармап алышкан.

Андан соң, тартип сакчылар карышкырды мамлекеттик экотехинспецияга өткөрүп беришкен. Тийиштүү экологдор жапайы жаныбардын кайдан, кантип келгенин аныктап жатышат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.