Тартип сакчыларынын туристтик сезонго даярдыктары (видео)

897

Туристтерге начар мамиле кылды делген милиция кызматкерлери жашыруун текшерилет. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин өкүлдөрү тартип сакчыларынын жайкы туристтик мезгилге карата даярдыктары тууралуу маалымат берип жатып билдиришти.

Өзгөчө жол кыймылынын коопсуздугуна көңүл бурулуп, туристтер көп каттаган багыттарга инпекторлордун атайын мобилдик посттору орнотулуп жатыптыр. Ошондой эле, Кыргызстанга кирген ар бир чет элдик конокко «туристтик паспорттор» бериле баштады. Ал документ ээсине бир топ жеңилдиктерди берет экен.