Тарыхта калган урунттуу окуяларды чагылдырган көргөзмө (видео)

1304

Адамдарды ойлондуруп, таң калтырып же ыйлаткан фото сүрөттөрдүн көргөзмөсү. Бишкекте «Ворлд Пресс Фото» сынагынын коргозмосу ачылды. Мында, эл аралык фотожурналисттер тарыхта калган урунтуу окуяларды камерага тартып алышкан суроттор коюлган. Анда жалпысынан эн мыкты деп таанылган 22 автордун 152 эмгеги бар.

«World Press Photo» дүйнөнүн профессионал фотосүрөтчүлөрүр арасында эң абройлуу конкурс болуп эсептелип, ал 1955-жылдан бери өткөрүлүп келет. Дүйнөнүн булуң-бурчунан чогулган мыкты эмгектерден атайын көргөзмө уюштурулуп, ал өлкөдөн өлкөгө өтүп турат. 2018-жылдын мыкты фотосүрөтү деп — Венесуэладагы митинг учурунда күйүп жаткан адамдын сүрөтү табылган.