Тарыхый күмбөздөрдүн ордуна там салгандар кимдер? (видео)

830

Музейлерден уурдалган баалуу экспонаттар боюнча кылмыш иши токтотулду. Маданият министри Султан Жумагуловдун айтымында, тарыхый буюмдардын жоголушуна айыпкер катары жоопко тартыла турган адамдар табылбай койгон. Эске салсак, Мамлекеттик тарых музейинде 503, Фрунзе атындагы мамлекеттик үй-музейинде 104 экспонат жана Улуттук көркөм сүрөт музейинде 100дөн ашык сүрөт жоголуп, иш козголгон эле. Бүгүн Жогорку Кеңеште тарыхый маданий мурастарды сактоо боюнча парламенттик угуу болуп, анда тармактагы бир катар көйгөйлөр ортого салынды. Адистердин айтымында, айрыкча аймактардагы тарыхый эстеликтер жок болуп кетүү коркунучунда турат. Ал эми аларды коргой турган органдардын каражаты жок экен.