Таш-Булак уран кенин казуу боюнча талаш-тартыш жаралды

1819

Ысык-Көлдөгү Таш-Булак уран кенинин тегерегинде кайрадан талаш-тартыш жаралды. Балыкчы шаарында өткөн жыйында жергиликтүү тургундар менен өкмөт өкүлдөрү Таш-Булак уран кенин казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча бир пикирге келе алышкан жок.

Аталган маселе боюнча мекемелер аралык комиссиянын жүргүзгөн ишинин жыйынтыгы жарыяланып, урандын элге канчалык пайдасы жана зыяны бар экенин айтылды.

Көлдүктөр урандан ачылышына каршы экенин, аны иштетпөө үчүн аягына чейин тураарын билдиришти. Комиссия мүчөлөрү болсо чалгындоо — бул казып алуу эмес, аныктоо экенин айтып жатышты. Бирок ортодо түшүнбөстүк жаралды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.