Таш-Көмүр: куткаруучулар эки жашар баланын сөөгүн табышты

734

Таш-Көмүр шаарынан куткаруучулар эки жашар баланын сөөгүн табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бала 3-июнда саат 13:17де жоголгон. Куткаруучулар бала Сол жээк каналына түшүп кетиши ыктымал деген маалымат алышкан.

Анын сөөгү саат 14:00дө табылып, туугандарына тапшырылды. Издөө иштерине 15 куткаруучу тартылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.