Таш-Көмүрдүн көмүрү Бишкек ТЭЦине киргизилбей жатат (видео)

823

Бишкек жылуулук энерго борбору үч күндөн бери Таш-Көмүрдөн келген өтүндү кабыл албай жатат. Муну ТЭЦтин жетекчилиги техникалык себептерге байланыштырууда. Бирок жыл сайын көмүр ташып келген айдоочулар мындай маселе быйыл гана жаралганын айтышат. Анын үстүнө, Бишкек жылуулук борбору көмүрдү кабыл албай турганы боюнча алдын-ала эскертүү жиберген эмес. Мындан улам, 50дөн ашык жүк ташуучу унаанын айдоочулары үч күндөн бери көмүрдү төгө албай күтүп турушат. Бул маселе кечээ парламентте дагы көтөрүлүп, вице-премьер-министр Зилалиев абалды өз көзөмөлүнө алаарын убадалаган эле. Бирок кырдаал эч өзгөргөн жок. Эл өкүлдөрү жылуулук борбордун жетекчилигинин жоопкерчилигин карап чыгуу керек дешет.