Ташкент: эки өлкөнүн премьер-министрлери бири-бирине айыптоолорду айтышты

867

Ташкентте өтүп жаткан саммитте дагы Кыргызстан менен Казакстандын премьер-министрлери чек арадагы абал боюнча бири-бирине айыптоолорду айтышты. КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммитинде сөз алган Сапар Исаков, Кыргызстан өзүнө тиешелүү милдеттемелерди аткарганына карабай, аймакта эркин соода болбой жатат, буга кыргыз-казак чек арасындагы абал далил деп билдирди. Анын айтымында, ар бир жүк ташуучу автоунаа 5 суткадан кийин өтүп жатат.

Буга Казакстан ар кандай аргументтерин келтирүүдө. Анын бири катары Астана — аткезчиликке шылтап жатат. Бирок айыл чарба жана сүт азыктары кантип контрабанда болушу мүмкүн? Эми казак тарап темир жолдогу вагондорду текшерүүнү күчөттү, биздин бардык товар контрабанда болуп калдыбы?, деди Сапар Исаков.

Буга коңшу өлкөнүн премьер-министри Бакытжан Сагинтаев жооп кайтарып, кесиптешинин билдирүүсүн орунсуз деп атады. Анын айтымында, Казакстан ЕАЭБдин жоболорун толугу менен аткарып жатат. Ошондой эле, Сагинтаев Кыргызстан салык мыйзамдарын Евразиялык экономикалык биримдиктин талаптарына тууралашы керек деп дагы бир жолу эскертти.