Ташкент-Тамчы аба каттамы токтоп калды

633

Өзбекстандын Ташкент шаарынан Ысык-Көлдөгү «Тамчы» аба бекетине багытталган аба каттамы токтоп калды. Мындай маалыматты “Азаттыкка” “Манас” аэропортунун өкүлдөрү ырасташты.

Маалыматка ылайык, бул каттамды өзбекстандык аба компаниялары жүргүзүп келген. Бирок акыркы учурда алар учуу боюнча аэропортко маалымат бере элек.

Ошол эле кезде айрым маалымат каражаттарынын “Өзбекстан аба жолдору” компаниясына шилтеме берип жазганына караганда, жүргүнчү аз болуп, каттам өзүн актабагандыктан токтотулган.

Ташкент-Тамчы аба каттамы былтыр ачылары айтылган. Бул Ысык-Көлдө эс алган өзбекстандык туристтердин көбөйүшүн шарттай тургандыгы айтылган эле.