Ташкент-Тамчы-Ташкент аба каттамы 6-сентябрга чейин каттайт

664

Бүгүнтөн тарта Ташкент-Тамчы-Ташкент каттамы кайрадан жанданат. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинен кабарлашты.

Ага ылайык, учак 6-сентябрга чейин апта сайын бейшемби күндөрү каттап турат. Авиакаттам «Өзбекстан аба жолдору» ишканасы менен бирге жүргүзүлөт.

Эске салсак, Ташкент-Тамчы аба каттамы былтыр да иштеп, бирок жүргүнчү аз болгондуктан, каттам өзүн актабагандыктан июль айынын ортосунда токтотулган.

Мындан сырткары жыл сайын жайында Өзбекстандан Ташкент-Балыкчы поезд каттамы иштей баштайт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.