Ташкентте кыргыз-өзбек бизнес-форуму өтөт

1156

Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга расмий сапарынын алкагында 13-декабрда Ташкент шаарында кыргыз-өзбек бизнес-форуму болот. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева журналисттерге билдирди.

Маалыматка караганда, бизнес-форумга катышуу үчүн ата мекендик жүзгө чукул ишкерлер президент менен бирге Өзбекстанга барышат. Иш-чарада автоунаа техникаларын топтоо, турмуш-тиричилик каражаттары, тигүү өндүрүшү тармактарында биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт.

Ал ортодо Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети кечээ Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионатты Өзбекстанга кайтаруу боюнча макулдашууну жактырды. Аны депутаттарга вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев тааныштырып, документ президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандагы иш сапарынын алдында шашылыш комитетке киргизилип жатканын билдирди. Вице-премьердин айтымында, өкмөт маселени макулдашуу аркылуу чечүүгө ниеттенүүдө:

— Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстандагы расмий иш сапарында бул пансионаттар тууралуу макулдашуу болгон. Кыргызстан бул эс алуу жайларын өзүнө кайтарып алгандан кийин Өзбекстан АКШдагы эл аралык арбитражга кайрылганын билесиздер. Азыр сотто каралып жатат. Кыргыз өкмөтү маселени укуктук негизде жөнгө салууну көздөйт.

Дайыр Кенекеевдин маалыматына караганда, келишим боюнча пансионаттар жайгашкан жер Кыргызстанга таандык бойдон кала берет. Ал эми пансионаттарды иштетүү укугуна Өзбекстан ээлик кылат. Өзбек тарап эс алуу жайларын жакынкы жылдарда үч-төрт жылдыздуу мейманканага айлантуу милдетин алат. Ошондой эле пансионаттарда иштегендердин 80 пайызы кыргызстандыктар болууга тийиш.

Ысык-Көлдөгү Өзбекстан пайдаланып келген «Рохат-НБУ», “Алтын Кум”, “Дилором» жана “Бустон” пансионаттары өкмөттүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги буйругу менен Кыргызстандын карамагына өткөрүлгөн. Өкмөттүн бул чечими Аксыда Үңкүр-Тоого байланышкан чатак чыккан маалга туш келген.