Ташкентте психиатриялык ооруканадан качып кеткендердин баары кармалды

744

Ташкентте милиция кызматкерлери республикалык психиатриялык ооруканадан качып кеткен бейтаптардын үчүнчүсүн дагы кармашты. 33 жаштагы Шеркул Омонов 21-ноябрда Чиланзар районундагы “Абу Сахий” дүң базарынын аймагында кармалган.

Уурулук үчүн айыпталган Шеркул Омонов соттун чечими менен акыркы тогуз айдан бери психиатриялык ооруканада дарыланып жаткан. Ал 20-ноябрда мурдагы эки кылмышкер менен чогуу качып кеткен.

Милиция кызматкерлери кабарлагандай, Омоновду кармоо учурунда ал тартип сакчыларына бычак менен салдырып, каршылык көрсөткөн. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин бири жаракат алган. Ага чейин милиция кызматкерлери ооруканадан качып кеткен үч эркектин экөөнү кармаган болчу.

Маалыматтарга караганда, качып кеткен үч адам тең мурда соттолгон. Бирөөсү уурулукка, экинчиси маңзат таркатып, абактан качууга жана үчүнчүсү адам денесине зыян келтирүүгө айыпталган.

Үчөө тең психиатриялык ооруканага кайра жаткырылды.