Ташкенттеги көчөлөрдүн бирине Чынгыз Айтматовдун ысымы берилди

1882

Ташкент шаардык кеңешинин депутаттары борбордогу көчөлөрдүн бирине улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу чечимин колдоду. Бул тууралуу 12-июлда өзбек басылмалары маалымдады.

«Бүгүн, өзбек-кыргыз ымаласынын тарыхында жаңы доор башталганда, Чынгыз Айтматовдун көркөм мурасы эки өлкө калкы үчүн мурдагыдан дагы өзгөчө мааниге ээ боло баштады», – деп айтылат Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев кол койгон токтомдо.

Өзбекстанда Чынгыз Айтматов 1995-жылы “Достук”, 1998-жылы “Бийик кызматтары үчүн” ордендери менен сыйланган.

Буга чейин Шавкат Мирзиёев залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө тууралуу жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, илимий, маданий жана адабий иштер өткөрүлүп, телерадиоканалдарда Айтматовго арналган берүүлөр жыл бою такай даярдалып турат. Мындан тышкары, Ташкент шаарындагы борбордук көчөлөрдүн бирине жана Паркент районундагы №33 мектепке Айтматовдун наамы берилип, эстелиги коюлат.