Ташкенттеги колбаса цехинде эшектин эти колдонулган

890

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Ташкенттеги «Шаршара» колбаса цехине 70 килограммга жакын эшектин эти жеткирилгендигин расмий ырастады. Маалыматка караганда, цехтин жумушчулары аны башка эттерге аралаштырып колдонушкан.

Эшектин эти борбордогу Gold Premium Product ишканасына таандык цехке Хорезм облусунан алынып келингени кабарланууда.

Бул факты жергиликтүү жарандардын биринин кайрылуусу боюнча өткөрүлгөн мамлекеттик органдардын биргелешкен ыкчам иш-чаралары маалында аныкталган. Ал жаран цехке дайыма бир килограмм эшектин этин 13 миң сумдан (1,5 доллар) жеткирип турганын айткан.

Маалымат боюнча, цехтен көрүнүшү жана жыты боюнча сапатсыз көрүнгөн эттин үлгүсү алынып, экспертизага жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында ал адамдын саламаттыгына коркунучтуу эшектин эти деген корутунду чыгарылган. Бул боюнча Кылмыш кодексинин тиешелүү беренелери боюнча кылмыш иши козголду.