Ташкенттин түндүк-чыгыш бөлүгүндө бир топ көчөлөрдү суу каптады

888

Кошуна Өзбекстанда табият кырсыгы болууда. Интернетке чыккан видеолордо Ташкенттин түндүк-чыгыш бөлүгүндө бир топ көчөлөрдү суу каптаганын көрүүгө болот. Ага чейин өлкөнүн тиешелүү министрлиги катуу жаан жаап, анын кесепетинен сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерткен болчу.

Мекеменин маалыматы боюнча, мындай аба-ырайы 3 аптага чейин сакталышы мүмкүн. Андыктан Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды мүмкүн болчу ар кандай кырсыктардын алдын алып, сак болууга чакырууда.