Таштанды ылгоочу завод: иш аягына чыгабы? (видео)

4651

Тогуз жылдан бери багы ачылбаган долбоор. Ордо калаа бийлиги «Бишкек санитардык полигонун» өз алдынча рекультивациялоого киришти. Буга убагында тендерден уткан эстониялык компания ишти улантпай жатканы себеп болгон. Учурда тиешелүү муниципалдык ишкана таштанды төгүлгөн жайдагы быкшып күйгөн коюу түтүндү өчүрүү менен алек болууда.

Ошол эле маалда чет элдик компания менен дагы деле сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Баштагы келишимге ылайык, 5 жыл мурда эле азыркы таштанды жайы көмүлүп, жаңысы ишке кирип жана таштандыны ылгоочу завод курулуп калышы керек болчу. Бирок булардын бири дагы аткарыла элек. Ал эми 22 миллион евролук кредит болсо алынган.