Таштанды жана түшкөн жалбырактарды өрттөгөндөр айыпка жыгылат

660

Бул боюнча Бишкек мэриясы эскертүү таратты. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда жалбырактарды, таштандыларды өрттөгөн фактылар көп катталууда. «Жалбырактан, желимден, акыр-чикирден чыккан ис адамдын ден соолугуна өтө зыян. Ошондой эле аба булганып, шаардагы биологиялык турдуулук жабыркайт», — деп белгиленген маалыматта.

Буга кошумча таштанды өрттөгөндөр Эреже бузуулар боюнча кодекстин 71-беренесине ылайык, 23 миң сомго чейинки айыпка жыгылышары айтылган. Мэрия эреже бузгандарды көрүп калгандар болсо 0 (312) 65 81 59 номерине кабарлап, ал эми сүрөт, видеолорун (0505 888 315) WhatsApp номерине жиберүүнү суранат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.