Таштандыдагы кара таман менен парктагы байлардын жашоосу (видео)

811

Мыйзам иштебеген жерде башаламандык өкүм сүрөт. Же болбосо тандалма мамиле же өзүм билемдик. Биз бул жолу мыйзамга баш ийбеген эки тараптын айырмасын салыштырып көрүүнү чечтик. 2005-жылдан бери Бишкектин четиндеги таштанды талаасынын айланасындагы 15 гектар жерди каалаган киши эле барып басып алып, азыр өзүнчө жаңы конуш пайда болгон.

Ал жакта жашап жаткандардын биринин да колунда жерге, үйгө документи жок. Таштандыдан чыккан уу менен дем алып, өлбө жаным өлбө деген күндөрдү өткөрүшүүдө. Алар жыргаганынан ушул күндү көрүп жаткан жок. Аймактарда иш табылбай, жашоо кыйындаганынан Бишкекти көздөй бет алышкан.

Колуңда жок үчүн таштандынын тегерегин байырлап, акыр-чикирди тинтип оокат кылып келишет. Бул жактагы жашоо шартты, дем алып жаткан абасы өтө кооптуу. Журналист Айбек Бийбосунов ошол жакка экологду жабдыктары менен алып барып, абанын тазалыгын текшерип көрүп, төбө чачты тик тургузган көрсөткүчкө күбө болду. Бишкекте аба бузулду, смог каптап кетти дегенден кийин 30ду көрсөтсө, таштандынын жанындагы жаңы конушта 33 эсеге кооптуу деп — тагыраагы жабдык 999 деген санды көрсөттү. Эми ойлоп көргүлө, ден-соолуктун талкаланып жатканын.

Ал эми колунда бар күркүрлөр, анын ичинде жогорку кызматты ээлегендер, таанышы күчтүү болсо — Бишкектин жашыл аймагын басып, парктын ичине заңгырата үйлөрдү салып, таза абада дем алып жомоктогудай жашоону өткөрүүдө. Аларга кой ай деген киши жок. Шаар бийлиги канча аракет кылып, сотко кайрылса дагы, чечим хан сарайлардын ээсинин пайдасына чыгат. Алардын колунда баары мыйзамдуу деген документтери да бар. Үйлөр болсо 15 жылдан бери колдон-колго сатылып отуруп, кээ биринде кожоюндар 3-4 жолудан алмашып кеткен. Мына мыйзамдын тандалма же такыр эле иштебей жатканы.