Таштандыдан тажаган жапалактыктар (видео)

946

Ош шаарынын Жапалак айылынын тургундары аймактагы таштанды полигонун көчүрүүнү талап кылышууда. Бул жакка 1956-жылдан бери калаадан чыккан акыр-чикирлер төгүлүп келет. Жапалактын эли түтүн, жагымсыз жыт, чымын чиркейден жабыркап, ууланып жатканын айтышат. Акыркы убакта ооруган балдар көбөйгөн. Бирок бул айылдын көйгөйү жакын арада чечилчүдөй эмес. Анткени мэрия таштанды полигонун көчүрүүгө башка жер таппай жатыптыр.