Таштандыларга толуп кеткен жаратылыш сейил бактары (видео)

5109

Эс алуучулар келип кеткенден кийин “Ала-Арча” жаратылыш паркынын Адыгене капчыгайынан эле активисттер 50 кап таштанды чогултушту. Бул иш-чарага бир гана чоң кишилер эмес, жеткинчектер дагы катышышты.

Буга чейин эколог жана жарандык активистер май майрамдарынан кийин коруктар менен жаратылыш сейил бактарынын ичи таштандыларга толуп кеткенин айтып, коңгуроо кагышкан. Алар айлана-чөйрөгө болгон мындай көңүлкош мамиле экосистеманын тез бузулушуна алып келерин айтып, кейишүүдө.