Тазабек Икрамов: «Депутаттарга KG номерлер кайтарылсын!» (видео)

869

Жогорку Кеңештин депутаты парламентке KG сериясындагы автоунаа номурларын кайтарууну сунуштады. Эл өкүлү Тазабек Икрамовдун айтымында, мындай өзгөчө белгилер жер-жерлерге барганда шайлоочулары алыстан таанып, тосуп алганга жакшы. Ал эми жолдон МАИ кызматкерлери тоспош үчүн KG номурлары аябай керек болуп жатат, дейт Тазабек Икрамов. Парламентарий мындай пикирин «ар кандай» маселелер каралып жатканда айтты. Ал эми башка депутаттар элдин үнүн жеткирип, социалдык көйгөйлөр, коррупциялык аракеттер тууралуу сөз козгошту.