Тазабек Икрамовдун талаш жараткан сыйлыгы (видео)

716

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун «билим берүүнүн мыктысы» наамын алганына айрым мугалимдер нараазы. Былтыр өлкө боюнча бул наамга жалпысынан 732 эл агартуучу көрсөтүлүп, анын 121и колдоо тапкан эмес. Ал эми эки жыл дене тарбия мугалими болуп иштеген Тазабек Икрамовдун мындай даражалуу наамга жетиши тармакта көп жылдан бери эмгектенгендерди ызалантууда.

Жобого ылайык, илимий-педагогикалык эмгек тажрыйбасы 20 жылдан кем болбошу керек. Ошондой эле билим берүү чөйрөсүндө ийгиликке жетишкен мугалимдер гана мындай наамга көрсөтүлөт.