Тазаланбаган арыктардын айынан көчөлөрдү суу каптоодо (видео)

7877

Жаан жааган сайын борбор калаанын көчөлөрүн каптаган саркынды суулар, арыктарга толгон акыр-чикирдин айынан болууда. Бул тууралуу «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү билдиришти. Борбор калаада арыктар күзүндө тазаланбай калганы аз келгенсип, бир топ жерлерде жүрүп жаткан курулуштардан улам таптакыр бүтөлүп да калгандары да бар экен.

Бул өз кезегинде шаардыктарга бир топ ыңгайсыздык жаратууда. Муниципалдык ишкананын өкүлдөрү болсо, алар күнү-түнү дебей суу каптаган көчөлөрдү калыбына келтирип жаткандыгын билдиришүүдө.