«Тазалыкчылар» 100 миң сомго чейин айлык алышабы? (видео)

4412

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 100 миң сомго чейин маяна алышабы? Бул маселе коомчулукта кызуу талкууланууда. Буга вице-мэр Мирлан Амантуровдун сын-пикири негиз болду. Ал жыйында аталган ишкананын администрациясы 100 миң сомго чейин маяна алса, катардагы жумушчуларынын айлыгы бир кыйла аз экенин билдирген.

Ага Тазалыктын басма сөз катчысы өзүнүн соцбаракчасында жооп кылып, вице-мэрди жалган маалымат айтпоого чакырды. А түгүл, өзүнүн айлыгынын эсеп-дүмүрчөктөрүнүн сүрөтүн да чыгарды. Тазалыкта вице-мэр айтып жаткан маяна чындап эле берилеби?