Тазалыкчылар үчүн ысык чай берүү акциясы башталды (видео)

2489

Акыркы 2 күндө Бишкек шаарынын көчөлөрүнө 500 тоннага жакын туз себилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты. Бир нече күн мурда синоптиктер аба ырайы кескин өзгөрүп, суук болорун эскертишкен.

Мындан улам «Тазалык» муниципалык ишканасынын кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп, көчөлөрдү кардан, муздан тынбай тазалап жатышат. Күн суук болгонуна байланыштуу тазалыкчылар үчүн ысык чай берүү акциясы башталды.