«Тазалыктын» кызматкерлери күйүүчү майды максатсыз колдонууга шектелүүдө

2925

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын 3 кызматкери кармалды. Алар — бухгалтер менен 2 оператор. Бул маалыматты УКМКдан тастыкташты. Атайын кызмат 8-февралда жүргүзгөн тергөө иш-чараларынын алкагында “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери ири көлөмдөгү күйүүчү майды максатсыз колдонууга шектелүүдө.

Маалыматтарга ылайык, былтыр “Тазалык” муниципалдык мекемеси тарабынан 84 миллион сомдон ашык суммага майлоочу жана күйүүчү каражаттары талон түрүндө сатылып алынып, материалдык жооптуу кызматкерлерге берилгендиги аныкталган. Бирок аталган ишкананын башкы бухгалтери операторлор менен биргеликте Бишкек шаарынын ичинде жумуш алып барууга багытталган күйүүчү май талондорун өздөрүнө ыйгарып алып, коротуп коюшкан.

Аталган факты “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталды. Сот органдары тарабынан кармалган адамдарга 2 айга үй камагына алуу баш коргоо чарасы каралган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.