Тажик бийлиги ооганстандыктарды өлтүрүү тууралуу айыптоолорду четке какты

742

Душанбе маңзат аткезчилигине каршы күрөшүү шылтоосу менен тажик чек арачыларын жайкын ооганстандыктарды өлтүрүүгө күнөөлөгөн Ооганстан тараптын айыптоосун четке какты.

Ооганстандын чек ара аскерлеринин командири Мухаммад Амон Насим менен Бадахшан провинция кеңешинин мүчөсү Толибиддин Кодири «Пажвок» агенттигине берген маектеринде тажик чек арачылары бийликтен медаль алуу үчүн жайкын ооганстандыктарды өлтүрүп жаткандыктарын айтышкан. «Бул маалымат чындыкка дал келбейт жана окурмандарды адаштырып, эки өлкө элинин ортосуна жик салат», деп билдирди Тажикстан УКМКсынын алдындагы Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Мухаммад Улугхожаев. Анын айтымында, Ооганстан тараптан мындай айыптоолор 7-ноябрга оогон түнү тажик-ооган чек арасындагы кагылышуулардан кийин айтыла баштады.

«Тажик аскерлери чек араны бузуп өткөн адамдарды көрүшүп, аларды багынып берүүгө чакырышкан. Бирок аткезчилер жооп катары биздин чек арачыларга ок чыгарышып, ортодогу атышуудан алардын бирөөсү жарадар болгон. Кийинчерээк 22 жаштагы ооган баланын алган жараатынан ооруканада каза болгону белгилүү болду. Анын атасы дарыяга чөгүп кетип, сөөгүн чек арага жакын айылдардын биринин жашоочулары таап алышкан. Анын эртеси окуя болгон жерден эки кап табылып, алардын ичинде 15 килограмм гашиш болгон», — деди Мухаммад Улугхожаев.

Бирок Ооганстандын чек ара аскерлеринин командири Мухаммад Амон Насим «Пажвок» агенттигине тажик чек арачылары Ахдро айылынын жашоочуларын себепсиз аткылаганын билдирген. Анын айтымында, каза болгондордун биринин сөөгү суунун жээгинен табылса, экинчисин дарыя агызып кеткен.

Бадахшан провинция кеңешинин мүчөсү Толибиддин Кодири тажик чек арачылары бир канча жылдан бери Ооганстандын Вахан жана Ишкашимск райондорунун жайкын тургундарын аткылоо менен алектенип келерин билдирүүдө. Анын айтымында, тажик бийлиги ар бир өлтүрүлгөн маңзат аткезчиси үчүн аскерлерге медалдарды убадалаган, ошондуктан чек арачылар жайкын тургундарды өлтүрүп, аларды маңзат аткезчиси катары көрсөтүп келишет.