Тажик муфтийи эрежесиз эр уруш менен боксту «арам» деп атады

695

Тажикстандын Аалымдар кеңешинин төрагасы, муфтий Саидмукаррам Абдулкадирзаде эрежесиз эр уруш жана боксту «арам» деп атады.

Спорттун бул түрлөрү «саламаттыкка зыян келтирет» деп түшүндүргөн дин ишмери мындай пикирин Душанбе шаарындагы борбордук мечитте 1-июнь күнкү жума намаздын алдында айтты:

— Акча коюлган оюндардын баары арам. Убактыларын жөн эле коротушат. Акылга да, денеге да пайдасы жок. Бул арам.

Саидмукаррам Абдулкадирзаде жаштарды күрөш менен шугулданууга чакырды.

Былтыр күзүндө Тажикстандын Жаштар жана спорт иштери комитети мектептерде спорттун тогуз түрү боюнча секцияларга тыюу салган. Арасында профессионал бокс жана кол күрөш да бар.

Тажикстанда Уламалар кеңешинин билдирүүлөрү жана чечимдери көбүнчө талаш-тартыштарды жаратып келет. Маселен, быйыл Рамазан айынын алдында Рогун ГЭСин куруп жаткан жумушчуларга орозо кармабоону сунуштаган. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары орозонун шарттарын өз алдынча чечмелегени үчүн кеңешти сынга алышкан.