Тажик-ооган чек арасында «ИМ» тобуна кошулууга аракет кылгандар кармалды

791

25-июлда тажик-ооган чек арасынан Ооганстандын аймагына өтүүгө аракет кылган төрт душанбелик өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Тажикстан президентинин алдындагы Мыйзамсыз маңзат сатууга каршы күрөшүү агенттигинин Куляб аймагындагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Мекеме башчысы Мухаббат Абдуллозод 17-18 жаштагы балдар Ооганстан аймагына «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук тобунун катарына кошулуу үчүн өтүүгө аракет кылгандыктарын моюндарына алганын билдирди. Анын айтымында, өспүрүмдөр Пянж дарыясы аркылуу өтүүгө ылайыктуу жер издеп буга чейин да бир нече жолу чек арага келип кетишкен.

Маалыматка караганда, кармалган балдардын баары тең Душанбедеги мектептердин биринде чогу окушкан.

Ооганстан менен чек арасынын узундугу 1400 чакырымды түзгөн Тажикстан түштүк чектеринде куралдуу жоочулардын топтолушуна тынчсызданып келет. 12-майда өлкө президенти Эмомали Рахмон «Ислам мамлекети» Сирия менен Иракта жеңилгенден кийин ондогон тажик жоочулар Ооганстанга барышып, террордук топтордун катарына кошулганын билдирген.