Тажик тарап Баткендеги такталбаган жерде курулуш баштады (видео)

658

Эки өлкөнүн жарандары ортосундагы чыр-чатакты алдын алуу үчүн Кыргызстан-Тажикстан чек арасын кайтаруу күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Ал арада, коңшу мамлекет Баткен областында азырынча тактала элек 4 чек ара аймагында курулуш иштерин улантууда.

Тажик тарап бул боюнча расмий билдире элек. Бул көрүнүш жергиликтүү тургундар арасында нааразычылыктарды жаратууда. Кыргызстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана чек арачылары кесиптештери менен сүйлөшүп, курулушту токтотуу талабын коюшкан. Бирок сүйлөшүүлөрдөн азырынча бир жыйынтык чыкпай жатат.