Тажик тарап такталбаган жерде курулуш иштерин жүргүзүүнү улантууда

710

Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен тилкесинде чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кайтарып жатышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматтарга караганда, учурда чектешкен аймакта абал туруктуу. Ош — Баткен — Исфана автожолу каттамдар үчүн ачык турат.

Ошол эле учурда, тажик тарап Баткен областынын Баткен районунун Жака-Өрүк жергесиндеги такталбаган кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинин аймагында кыргыз тарап менен макулдашылбаган курулуш иштерин жүргүзүүнү улантып жатканы белгиленди. Кыргыз тарап Көк-Таш – Аксай жолун асфальттоо иштерин улантып, Баткен районунун Аксай айылынын Дача жергесинде Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы чек ара постун куруп жатат.

Эске салсак, 2 күн мурда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк участогунун тактала элек аймагына курулуш ишин баштаган. Буга нааразы болгон кыргыз жарандары ошол аймакка чогулушкан. Маселени жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө. Тажикстан болсо такталбаган аймактагы курулуш тууралуу эч кандай комментарий бере элек.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.