Тажик тараптын “Головнойго” курал менен кол салган учуру (видео)

4327

“Головной” суу бөлүштүрүүчү жайы модернизацияланат. Мындай тапшырманы президент Садыр Жапаров кечээ Баткендеги аталган стратегиялык объектти көрүүгө барганда берди.

Областтык башкы суу чарба башкармалыгынын башчысы Маматшарип Бердалиевдин айтымында, Союз ыдырагандан бери суу бөлүштүрүүчү жайын оңдоо иштери Кыргызстан тарабынан гана жасалып келет. Коңшу өлкөлөр көп жылдардан бери Ак-Суу дарыясынан пайдаланып келгени менен, тиешелүү обьектти оңдоп-түзөөгө бир тыйын дагы беришкен эмес.