Тажикстан Баткендин 150 тургунун издөөдө (видео)

6646

Тажикстан Баткендин 150 тургунун чек арадагы чыр-чатакка катышкан деп айыптап, издөөгө алууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурлан Ражабалиев айтып чыкты. Ал ошондой эле, тиешелүү мекемелерден 23-февраль күнү Москва шаарында кошуна өлкөнүн өтүнүчү менен кармалган кыргызстандык 40 жаштагы Замирбек Досматовдун маселесин чечүүнү өтүндү.

Кыргызстандык жаран кармалганы тууралуу маалымат кечээ белгилүү болгон. Тажикстандын күч түзүмдөрү аны 2019-жылы 22-июнда болгон чек ара чырына катышкан деп айыптап жатыптыр. Бирок чек ара чыры болгон учурда ал Кыргызстанда болгон эмес. Тышкы иштер министрлиги болсо бул боюнча териштирүү жүрүп жатканын айтышты.